USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жалал-Абаддын мектептеринде тамак-аш коопсуздугу көзөмөлгө алынууда

17:34, 23 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жайларында окуучуларга түшкү тамак берүүнүн абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаар мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Назаралиева билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагындагы билим берүүчү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак-аш коопсуздугунун абалын көзөмөлдөө боюнча атайын рейд өткөрүлүүдө.

«Ага тийиштүү адистер катышып, мектеп жана бала-бакчалардын ашканалары текшерилип жатат. Рейддин жүрүшүндө адистер мектеп ашканаларындагы шарттарды жакшыртуу боюнча кеңештерин берүүдө», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18