USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Момбеков: Эркелеген балдар кетип, өкмөткө чапанын сүйрөгөн чалдар келди

15:43, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Эркелеген балдар кетип, өкмөткө чапанын сүйрөгөн чалдар келди» — деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал Сапар Исаковдун өкмөтүн «эркелеген балдардын өкмөтү» деп сыпаттады.

«Эркелеген өкмөт эрте кетип, ордуна чапанын сүйрөгөн чалдар келиптир. Жаны дейин десем, баары эле «б/у».

Сиздин биринчи вице-премьер-министрлериңиздин бири курулушчу, бири милиционер, үчүнчүсү географ, төртүнчү тарыхчы экен. Экономиканын эбин кантип табабыз?» — деп суроо узатты.

Өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Замирбек Аскаров экономикалык тармакты жетектейт. «Замирбек Аскаров Ош шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген. Тажрыйбасы бар. Андан тышкары, мурда өкмөттө иштеген Олег Панкратов экономика министри болот» — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18