USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Абылгазиев өкмөттүн эски курамын калтыруу себебин түшүндүрдү

13:41, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Өкмөт башчылыкка талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында эмне себептен өкмөттүн эски курамын калтырып жаткандыгын түшүндүрдү.

Абылгазиев жаңы программа иштеп чыгып, жаңы кадрларды тандоого убактысы болбогонун айтты.

«Өкмөттүн курамы мурдагыдай эле сакталып калды. Вице-премьерлер жана айрым министрлер гана алмашты. Менин аларга койгон бир гана талабым бар бул- кесипкөйлүк. Жоопкерчилик өкмөт башчынын башына жүктөлгөндүктөн иштей албаганы кетет», -деди Абылгазиев.

"Мен адамдарды бөлбөйм. Айрыкча мамлекеттин келечеги тууралуу маселе болуп жатканда бул жөнүндө сөз дагы болбошу керек",- деп кошумчалады ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18