USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүйдүн ар бир мечитине видео камера орнотулат

12:34, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүйдүн ар бир мечитине видео камера орнотулат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Казыяттын кезектеги көчмө жыйынында Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов ар бир мечитте видео камераны орнотуу ишин тездетүүнү жана маалымат такталарын илүүнү тапшырды.

Муну менен катар аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында казыят кабыл алган программа каралып, имамдарга тиешелүү буйруктар тапшырылды. Ошондой эле Рамазан айына карата даярдык көрүү ар бир имамга милдеттендирилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18