USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Эртең парламент Абылгазиевдин премьер-министрлигине талапкерлигин карайт

17:43, 19 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең парламент Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министрлигине талапкерлигин карайт. Коалициялык көпчүлүк анын талапкерлигин колдоду. 

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда президенттин аппарат башчысы. Ал 1968-жылы 20-январда Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Айыл-чарба институтун аяктаган. 2010-2016-жылдары Социалдык фонду башкарган.

Депутаттардын айтымында, жаңы өкмөт башчысы министрлер кабинетин толук алмаштырбайт. Билим берүү жана илим министри, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы гана ордунан кол жууйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18