USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баткенде аскерлердин машыгуусу өттү

12:16, 18 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Баткенде аскердик артиллериялык бөлүкчөлөрдүн батареялык тактикалык машыгуусу өттү. Бул тууралуу
өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирет.

Тактикалык машыгуунун биринчи этабы теориялык негизде, ал эми экинчи этабы практикалык негизде жүрүп, күжүрмөн ок атуу иш чаралары өткөрүлдү. Аскерлер күжүрмөн машыгууда, душман мизин кайтаруугакоюлган талаптарды аткарышып, артиллериялык жөндөмдөрүн жогорулатышты.

Кургактагы аскерлеринин артиллериялык башкармалыгынын башчысы Мирлан Өмүрзаковдун маалыматында бул машыгуу КРнын башкы штабынын 2018-жылга түзүлгөн планынын негизинде өткөрүлдү. Мындай иш чара жылына эки жолу өткөрүлүп турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18