USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Депутат өлкөдө окуу китептеринин сапатынын начарлыгына нааразы

16:30, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Кыргызстанда билим берүүгө бөлүнүп жаткан каражат жыл сайын өсүүдө. Ал эми сапаты боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн артта калдык». Мындай пикирин бүгүн, парламенттин Социалдык маселелер комитетинде депутат Наталья Никитенко билдирди.

«Билим деңгээли жагынан орточо көрсөткүчкө жетүү үчүн Кыргызстанга жаны 18-25 жыл керек. Маселе биз бөлүп жаткан каражатта эмес, анын натыйжалуу пайдаланышында болуп жатат. Окуу китептери үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, донорлор дагы каржылап келет. Бирок ат-энелер алардын сапатына дале нааразы. Китептерин сапаты эле эмес, мазмунун тууралуу дагы арыздар абдан көп. Бул нерсеге көңүл буруу керек», — деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18