USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 15 өлкөдөн келген ыктыячылар иш алып барат

09:29, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр III оюндарында 15 өлкөдөн келген 40 ыктыячы иш алып барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, ыктыярчы болууга жалпысынан 3460 билдирме келип түшкөн. Анын ичинен 1000 билдирме экинчи баскычка — аңгемелешүүдөн өтүүгө тандалган. Экинчи этап жыйынтыгы боюнча ДКО 2018 катышуу үчүн 802 волонтерго талапкер менен угуу өткөрүлгөн. Комиссиянын чечими боюнча Оюндарга катышуу үчүн 550 адам тандалып алынган, алардын 40ы — дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген чет элдиктер.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2 — 8-сентябрында Ысык-Көл жээгинде өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18