USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Аскарбек Шадиев ооруканага түштү

13:52, 13 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутары, мурдакы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине өздүк булактардан ырасташты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги, бул тууралуу маалыматы жоктугун билдирет. Министрликтин айтымында, бейтаптын суранычы менен анын дарылануусу жашыруун бойдон сакталышы мүмкүн.

Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Аскарбек Шадиев Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Эскерте кетсек, ал өткөн жумада Жогорку Кеңеште кымырылган акчага байланыштуу УКМКга суракка чакырылып, вице-премьерлик ордун тапшырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18