USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

14:12, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Өлкөдөгү негизги оппозициялык партиялар бул шайлоого бойкот жарыялашкан.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча добуштардын 94% саналып бүттү. Анын жыйынтыгы менен Ильхам Алиевге шайлоочулардын 86% добуш берген. Муну менен бийликке 2003-жылы келген Ильхам Алиев төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланды.

БШКдан билдиришкендей, шайлоого шайлоочулардын 74,5 пайызы катышты.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму бул шайлоодо жарандар үчүн «чыныгы тандоо» мүмкүндүгү берилбегенин билдирди.

«Биздин жетишкендигибиз жана ийгиликтерибиз үчүн добуш бергендерге ыраазымын. Эл туруктуулукту, коопсуздукту жана өнүгүүнү тандады», — деди Алиев болжолдуу жыйынтыктар жарыялангандан кийин.

Бул шайлоого Азербайжандын негизги оппозициялык партиялары катышкан жок. Алар шайлоого бойкот жарыялашып, жыйынтыктар жасалма болот деп күтүп жаткандыктарын айтышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18