USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышты

11:54, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-апрелде саат 22:20да Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чакырымында катталган. «MAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен «Ауди-А4» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар айдоочуларга биринчилерден болуп жардам көрсөткөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18