USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кызматтык уунадан баш тарткан депутаттар 1,5 млн сомго күйүүчү май сатып алат

09:10, 05 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Кызматтык уунадан баш тарткан депутаттар 1,5 миллион сомго күйүүчү май сатып алат. Мамлекеттик сатып алуу порталына Жогорку Кеңеш жарыя жайгаштырды.

2018-жылдын экинчи кварталына АИ-92ден 27 миң литр, АИ-95ден 7 миң литр жана 3 миң литр дизель майы сатылып алынат.

Белгилей кетсек, күйүүчү май Жогорку Кеңештин гаражына сатып алынууда.

Парламенттин бул чакырылышы кызматтык уунадан баш тарткан. Бирок, депутаттарга ай сайын транспорттук чыгымдары үчүн 40 миң сом төлөнүп берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18