USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек тургунун бычактап өлтүргөн жаран кармалды

14:08, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек тургунун бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде, болжол менен саат 03:30 чамасында окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, эки эркек киши спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кеткен. Чатак ырбап, жаран экинчи кишини ,бычак менен башка жана ичке сайган. Ал окуя катталган жерден жан берген.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18