USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте жүргүнчү ташуучу кичи автобустар толук ишке чыкты

09:52, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жүргүнчү ташуучу кичи автобустар толук ишке чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине вице-мэр Геннадий Милицкий билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттук таксинин айдоочуларды талаптарын расмий түрдө мэрияга тапшырды.

«Алардын талаптары жана сунуштары менен кайрылуу кечээ келип түштү. Маселе каралып сөзсүз жооп кайтарылат. Бугун алар өз нугунда иштеп жатат. Өзүм кыдырып текшерип чыктым. Учурда эки миңден ашык унаа кызматта. Биз ар дайым жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы менен сүйлөшүп, чогу иш алып барууга даярбыз. Тарифти жогорулатуу маселеси каралат. Ал эми камсыздандырууну эч ким жокко чыгарбайт», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18