USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Орусияда тамактануучу жайда кардар кызмат көрсөткөн кыргыз жигитин басмырлады

09:26, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиядагы Burger King тамактануучу жайынын кардары кызмат көрсөтүп жаткан кыргыз жигитин басмырлады. Бул тууралуу видео Instagram социалдык түйүнүнө жарыяланды.

Кардар алгач кызмат көрсөтүп жаткан жигиттин бетине картошка фри чачып жиберип, ал дагы жообун алган. Андан соң экөө бири-бирине жулунуп, мушташа кеткен.

Ал эми тамактануучу жайынын жетекчилиги кардардын таламын талашып, кызматкерин иштен алганы айтылууда. Социалдык тармактарда кызматкердин таламын талашып, ага эки тараптан тең адилетсиз мамиле жасалды, — дешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18