USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖК төрагасынын бир тууганы Талас облустук ИИБнын башчысы болуп дайындалды

14:05, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун бир тууганы Алмазбек Жумабеков Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Жумабеков кечээ жеке курам менен таанышкан.

Эскерте кетсек, аталган кызматтын мурдагы башчысы Ильяз Касымбаев кызматтык ыкчам тапшырмаларды уюштурууда кетирген олуттуу кемчиликтери үчүн иштен кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18