Кичи автобустар бүгүн да ишке чыккан жок. Милицияга кырдаалды көзөмөлдөөдө
Кичи автобустардун иш таштоосу уланууда. Алар бүгүн дагы митинг өткөрүшмөкчү.
Бишкек мэриясынын маалыматында, 30дай машина 5-8 каттам боюнча иштеп жатат.
Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарындагы кичи автобустар иш ташташкан. Алар бир нече талап коюуда:
— Бирдиктүү форманы алып салуу;
— Жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу полисин жокко чыгаруу;
— Жол кирени 15 сомго көтөрүү;
— Маршруттук таксинин айдоочуларына жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерлерден деле салып же токтоп түшүрө берүүгө уруксат берүү;
— Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;
— Жолду туура эмес кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө да айып салуу.
Мэрия, өкмөт алардын талаптары аткарылбастыгын айтышкан. УКМК иш таштоо боюнча териштирүү жүргүзөрү маалымдалды.