USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Үлпөт тойдон ууланган 3 адам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

15:10, 02 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Үйлөнүү тойдо такмактан уулангандардын үчөө Бишкектин жугуштуу оорулар ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, кайра жандандыруу бөлүмүндө кармалып жаткан эне баланын абалы турукташып, палатага которулган.

«Учурда 61 жаштагы аял кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда абалы канааттандырарлык. Эртең палатага которсокпу деп жатабыз», — деди Узакбаева.

Эскерте кетсек, «Ата-тоо» ресторанында өткөн үйлөнүү тойдогу тамактан ууланып, 100 киши Бишкектеги жугуштуу оорулардын ооруканасына жаткырылган. Алардын 19 балдар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18