USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Айдоочу Бишкектеги атомдун планетардык моделин койдуруп кетти

15:57, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Honda Stream үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу атомдун планетардык моделин койдуруп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, таңкы саат 6.00 чамасында катталган. Анын кесепетинен унаада келе жактан кыз жабыркап, планетардык модель талкаланган. Материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, Кыргыз илимдер академиясынын алдында турган атомдун планетардык модели Кыргызстандын юридикалык академиясынын эмгек жамаатынын жана студенттеринин демилгеси менен негизделген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18