USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Нарын облусунда унаалардын абалы текшерилди

17:47, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын ЖКККБнын кызматкерлери облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жол эрежесин одоно бузган жана техникалык абалы начар унааларды айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо иш-чарасы жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде жол эрежесин бузган 300гө жакын айдоочу аныкталды. Алардын ичинен техникалык жактан талапка жооп бербеген автоунаа башкарган 24 айдоочуга жана спирт ичимдигин ичип унаа башкарган 3 айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18