USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Алматыда Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясынын башчысы кармалды

15:31, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg


Алматы полициясы Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясынын башчысы кармалганын кабарлады. Алматы шаардык ички иштер департаментинин маалымдашынча, Талгат Акунов буга чейин жарандардын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде издөөгө алынган.

Маалыматтарга караганда, Акунов Караганда шаарында кармалган жана тергөө үчүн Алматыга жөнөтүлгөн. Полиция сот аны камакка алуу боюнча санкция бергенин гана айтып, иштин чоо-жайын түшүндүргөн жок.

Көз карандысыз ишкерлер ассоциациясы 2000-жылдардын башында түзүлгөн, Казакстандын бир нече аймагында филиалы бар.

2014-жылы ММКлар ассоциация президенти ишкерге ири суммада акча карыз болуп калгандан кийин издөөгө алынганын кабарлаган. Анда ассоциация Акунов жашырынбаганын жана дарыланып жүргөнүн билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18