USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Лейлектин жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө 200 кишиге 2 адис кызмат көрсөтөт

16:22, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунун Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн штаттык ырааттамасына ылайык, 2 гана адис кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын функциясынын, ишинин көбөйгөнүнө карабастан шатты кеңейтүү маселеси козголо элек.

Күн сайын аталган кызматка 200дүн тегерегинде адам кайрылат.

Маселени чечүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишин опималдаштырууда. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу чаралары көрүлүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18