USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Депутат президентти Акүйдөн мейманканага көчүүнү сунуштады

15:24, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат «Ысык-Көл» мейманканасын президентке жана анын аппаратына колдонуу үчүн берүүнү сунуштады. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Анын айтымында, мейманкана президенттин иш башкармалыгынын балансында.

«Ант берүү аземин эстесеңер. Ал жерде эмне деген сөздөр айтылды эле. Президент парламенттин имаратында отурат, анын өзүнүн кеңсеси жокпу, же квартирантпы? Мейманкананы сөзсүз эле сатыш керекпи?» — деди эл өкүлү.

Буга чейин дагы шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн мамлекеттик органдарды шаар сыртына көчүрүү сунушталган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды өткөрүп, сыйлуу конокторду кабыл алуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасы улуттук стилде реконструкциядан өтөт. Мындай сунушту Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу агенттиги 2016-жылы киргизген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18