USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда ичимдиктерди интернет аркылуу реклама кылууга тыюу салынды

14:50, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ичимдиктерди интернет аркылуу реклама кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү мыйзам долбооруна мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскертет кетсек, 15- февралда Жогорку Кеңеш «Жарнак жɵнүндɵ» мыйзам долбоорун үч окууда жактырган. Мыйзам долбооруна ылайык, алкоголь ичимдиктерин интернетке рекламалоого тыюу салынат. Мыйзамды бузган жарандарга жана физикалык жарыктарга 10 миң сом, кызмат адамдарына 20 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом айып салынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18