USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мамлекеттик кызматкерлерге миң сомдон кымбат белек алууга тыюу салынды

14:41, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик кызматкерлерге миң сомдон кымбат белек алууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Кызыкчылыктардын талашы» боюнча мыйзамда айтылат.

Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, жергиликтүү, же республикалык бюджеттен каржыланган ишкана жана уюмдарга, Улуттук банктын кызматкерлерине тийиштүү.

Дипломатиялык белектер мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттик мекемелердин балансына берилет. Мындай тартуулар расмий протокоолдук иш чаралардын алкагында гана алынышы керек. Аткаминерлер алган белеги боюнча үч күн ичинде жетекчиликке маалымдап, аны өз акчасына сатып ала алышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18