USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна коротула турган чыгым белгилүү болду

09:10, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Өкмөт Дүйнөлүк көчмөндөр III оюнуна коротула турган чыгымды эсептеп чыкты. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдайт.

Бул ири маараке өлкө бюджети үчүн жалпысынан 306 миллион 300 миң сомго турат.

Буга чейин 10 миллион сом ипподромду оңдоп түзөөгө жумшалары айтылган. Азыр ал акча дагы уюштуруу иштерине жумшалары маалымдалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда спорттук улуттук 36 түрү боюнча мелдеш өтүп, ага 80 өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлөт.

Белгилей кетсек, быйылкы жылкы бюджеттин жетишсиздиги 20 миллиард сом.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18