USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түркмөн бийлиги мигрант кыз-келиндерди мекенине кайтарууга аракеттенүүдө

08:58, 27 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды үйүнө кайтаруу боюнча кысым көрсөтүүдө.

Лебап облусунун жашоочусу Түркияда иштеп жүргөн кызы менен карындашын үйгө алып келүү үчүн жергиликтүү бийлик 15 күндүн ичинде чет паспорт жана билет сатып алууга жардам бергенин айтты.

«Жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарыбызды алып келүүнү талап кылууда. Эгер алар кайтып келишпесе, административдик айыппул тартышарын айтышууда. Биз эле эмес, башка райондордо жашаган тааныштарыбыз дагы ушундай кырдаалга кабылышты. Алар мындай катаал жол менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарды үй-бүлөлөрүнө кайтарууну көздөшүүдө», — деди жергиликтүү тургун.

Түркмөн бийлиги Түркияда иштеген кыз-келиндер кайтып келишпесе, аларды бардык укуктардан, анын ичинде түркмөн жарандыгынан дагы ажыратышарын эскертүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18