USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Суроо-жооп. Мектепке хижаб кийип барууга тыюу салынган эмес

15:50, 26 марта 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жалал-Абад шаарында жашайбыз. 3-класста окуган кызымды мектептеги мугалими башындагы жоолугун чечүүсүн талап кылып жатат. Болбосо, жазага тартарын айтыптыр. Мектептен чыгарып коебу деп корком.

Жооп: Билим берүү мекемелеринде жоолук салынууга тыюу салынган эмес. Бул боюнча эч кандай жобо жок. Мындай мектеп, же аймактык билим берүү тармагы өз алдында жобо кабыл алышы керек. Эгер андай иш кагазы жок болсо, анда жоолукту чечүүнү талап кылуу укугу дагы жок.

Мугалим коркутуп жатса, укук коргоо органдарына кайрыла аласыз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18