USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясы дагы бир депутатынан айрылат

09:50, 23 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясы дагы бир депутатынан айрылат. Борбордук шайлоо комиссиясы Алманбет Шыкмаматовду мандатынан ажыратуу маселесин кароодо.

БКШнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Алманбет Шыкмаматовго сот айыппул салган күндө дагы ал соттолгон болуп саналат.

Эскерте кетсек, Алманбет Шыкмаматов «Жемкорлук» беренеси менен айыпталып, ага 5 миллион сом айыппул салынган.

Анын ордуна парламентке Ташболот Балтабаев келиши күтүлөт.

Буга чейин фракция лидери Өмүрбек Текебаев жана депутаты Аида Салянованын мандаты алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18