USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Курултайга катышуу үчүн Акаев менен Бакиевге чакыруу жөнөтүлдү

09:30, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Оппозиционерлердин курултайына катышуу үчүн качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге чакыруу жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине уюштуруучулардын бири Адиль Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, курултайдын өткөрүү мөөнөтүү тактала элек, бирок катышуучулардын тизмеси аныкталган. Бардык мурдагы президенттерге чакыруу жөнөтүлдү. Арасында качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы бар.

«Өткөрүү мөөнөтүү жана орду аныктала элек. Болжолдуу түрдө апрелдин ортосуна барып калат», — деди ал.

Келген делегаттар улуттук курултай институтунун идеясы эмне себептен ишке ашпай калды? ,- деген суроону талкууланат. Курултайдын уюштуруучулары буга Жогорку Кеңештин депутаттарын айыптоодо. Ошондой эле курултайда абакта отурган саясатчылардын маселеси каралат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18