USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

13:48, 16 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2010- жылдан 2016- жылган чейин Социалдык фонддун төрагасы болуп эмгектенген. 2016- жылдан 2017- жылга чейин биринчи вице-премьер-министр, андан соң президенттин кеңешчиси, 2017-жылдын сентябрынан тартып президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18