USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандан 24 тонна күйүүчү майды ташып бараткан тажик жараны кармалды

11:45, 13 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан 24 тонна күйүүчү жана майлоочу майды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тажик жараны чек ара бекетин айланып өтүү жолу менен күйүүчү майды алып чыгып кетүү аракетин жасаган. Алар чек арадан 250 метр алыстаган соң кармалды.

Кармалгандарга айып салынып, жүк Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18