USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектин дагы бир тургуну 8 кабаттан боюн таштады

10:05, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин 26 жаштагы тургуну 8 кабаттан боюн таштап, каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат милиция кызматына 11-март күнү эртең менен келип түшкөн. Кыз алган жаратынан улам, кырсык катталган жерден жан берген. Жакындарынын айтымында, ал көп убакыт депрессияда жүргөн. Маркум буга чейин дагы жанын кыюуга аракет кылган. Учурда өлүмүнүн себеби такталууда.

Эскерте кетсек, өткөн аптада «Тунгуч» кичирайонундагы көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган жаш кыз боюнча маалымдалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18