USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Казакстандын абагында жаткан Кыргызстан жараны оозун тигип, ачкачылык жарыялады

17:21, 02 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Тараздагы 158/4 абагында жаза өтөп жаткан 3-топтогу майып, Э.Тентимишев аттуу Кыргызстан жараны нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялап, оозун тигип салды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Акыйкатчынын институтунан билдирди.

Жарандын мындай кадамга баруусуна 158/4 абагынын жетекчилигинин улутуна карап Э.Тентимишевди дискриминациялоосу себеп болгон.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылып, Э.Тентимишевдин укугунун корголушуна көмөк көрсөтүү менен анын укуктары бузулган учурлар аныкталса, күнөөлү жактарды жоопко тартууну суранган.

Ошондой эле Акыйкатчы Тентимишевди Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн колго алуу өтүнүчү менен Кыргызстандын Баш прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18