USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

АКШда Чечнияга аткезчилик жол менен курал ташыган Кыргызстан жарандары кармалды

10:36, 01 марта 2018, Бишкек - 24.kg

АКШда жашаган Кыргызстан жарандары Чечнияга аткезчилик жол менен курал ташуу боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу WJLA.com. басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Эльдар Резванов ок атуучу куралдарды аткезчилик жол менен эл аралык деңгээлде сатуу жана башка укук бузуулар менен алектенген деген айып менен кармалган.

Виргиния штатынын Александрия шаарында жашаган Кыргызстан жарандары жүздөн ашык ок атуучу куралдары жасалма документтерди колдонуу менен лицензиясы жок Чеченстанга жиберүүгө аракет кылышкан.

Учурда аларды кеминде жыйырма жылдан кем эмес жаза күтүүдө.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18