USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Венгриянын университеттери быйыл дагы 25 кыргызстандыкты окууга кабыл алат

11:59, 28 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Венгриянын Жогорку окуу жайлары быйыл дагы 25 кыргызстандыкты кабыл алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Алардын айтымында, Венгрия өкмөтү жаңы окуу жылына карата бюджеттик орундарды бөлүүгө даяр.

Учурда Венгрияда 23 студент окуп жатат. Былтыркы жылы студенттерди окууга кабыл алууда чатак чыккан. Депутат Жанар Акаевдин сынактын калыс эмес өткөндүгү боюнча билдирүүсүнөн кийин гана айрым талапкерлер ордунан баш тарып, алардын ордуна башкалар кабыл алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18