USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбекстан электржарыгын Тажикстандан алмай болду

10:14, 28 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан электржарыгын Тажикстандан алмай болду. Бул тууралуу Тажикстандын өкмөтүнө шилтеп жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.

Алардын маалыматында, апрель айынан баштап электр жарыгы Өзбекстанга сатылып баштайт. Жай айларында электр жарыгынын наркы эки центтен турса, кышында 2,5 центтен сатылат. Тажикстан бир жылда 1,5 миллиард киловатт экспорттомокчу.

2016-жылы Тажикстан 18 миллиард электр жарыгын чыгарган. 

Азыр Өзбекстан электр жарыгын Кыргызстанда алат. Өкмөттүн маалыматында, 1,143 миллион киловатт-саат экспорттолду. Март айында дагы 550 киловатт берилет. Кыргызстан коңшу өлкөгө электр жарыгын 2-2,4 центтен сатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18