USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Феликс Куловдун аялына тиешелүү микрокредиттик ишкана жабылды

09:59, 28 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун аялы Фатима Абдрасулова тиешелүү «Плюс Кредит» микрокредиттик ишканасы жабылды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Алардын маалыматында, ишкана Улуттук банктын эскертүүлөрүн жана укуктук актыларды аткарбаганы үчүн күбөлүгү алынды.

Юстиция министрлигинин сайтында, ишкананын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп Абдрасулова Фатима Карашевна көрсөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18