USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Зыяратчылардын кийимин тигип, эмдөө жасай турган ишканалар таңдалды

16:38, 22 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылы ажыга бара турган зыяратчылардын кийимин тиге турган ишкана таңдалды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматта Мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында 2018-жылдагы ажыларга кийим тигүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөндүгү айтылат.

Сынакка 9 ишкана катышкан. Алар өздөрү даярдап келген ажылардын формасы менен тааныштырышты. «Эсма Кей Джи» тигүү ишканасын жетекчиси Таалайбекова Мээримге ажылык сапарга баруучу аялдардын кийимдерин тигүү, ал эми Динара Акматбаева эркектердин кийимин тигүү тапшырылды.

Андан тышкары, «Фарватер» фирмасы зыяратчыларды эмдөөдөн өткөрмөй болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18