USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбек-тажик чек арасындагы «Каримовдун дубалы» бузулду

15:49, 21 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

18-февралда Тажикстандын Согди облусу менен Өзбекстандын Самарканд облусун бириктирген «Саразм-Жартеп» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги чоң дубал бузулду. Ал калк арасында «Каримовдун дубалы» деген аталыш менен белгилүү.

Дубал эки өлкөнүн чек ара делегацияларынын катышуусунда бузулду. Тажикстандыктар «Ислам Каримовдун дубалы» деп атап коюшкан тосмо 2010-жылы өзбек бийлигигин демилгеси менен курулган. Анын бийиктиги 3, туурасы 10 метр.

Тажик бийлиги аталган көзөмөл-өткөрмө бекетте терминал, мейманкана жана унаа токтотуу жайлары курула турганын билдирди.

Маалыматка караганда, «Саразм-Жартеп» өткөрмө бекетинин өзүн кийинки айдын ортосунда ачуу пландалууда. Ага Өзбекстандын делегациясы катышат деп күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18