USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өмүрбек Текебаев жүрөгүн бир апта дарылап алууга уруксат сурайт

10:11, 14 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди парламенттин депутаттарынын тобу № 47 абакка барып көрүп кайтышты. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирет.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев абактагы шартка арызданбайт. Болгону Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинен камераларга коюлган видеобайкоолорду алып салууну жана жүрөгү менен буту ооруп жаткандыктан ооруканада бир апта дарыланууга уруксат сурайт.

Өмүрбек Текебаев Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытовдор көрүшүп кайтышты.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18