USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Апасынан муштум жеп эс учун жоготкон бала мурда да сабалганы аныкталды

09:32, 09 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында ооруканада комада жаткан бала мурда дагы сабалган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине даарыгерлер билдиришти.

Алардын маалыматында, баланын бутунан жана жамбашынан эски тактар аныкталды.

«Бала буга чейин дагы сабалган. Азыр абалы өтө оор. Эсине дагы эле келе элек» — дейт даарыгер.

Эскерте кетсек, 2015-жылы туулган А. Бексултан 4-февраль күнү катуу сабалып, мээсине кан уюлуп ооруканага түшкөн. Аны 24 жаштагы өз энеси сабаганын мойнуна алып, камоого алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18