USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда түрмөдө 10,5 миң киши кармалууда

15:35, 08 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда түрмөдө 10,5 миң киши кармалууда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Penal Reform Internation уюмунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Шамбилов билдирди.

Кыргызстан кыйноолорго каршы эл аралык конвенциянын мүчөсү. Быйыл БУУнун комитетинде өлкөдөгү кыйноолор боюнча баяндама угулат.

«Жаза өтөө жайында кыйноолор көбүнчө жаран эркинен ажыратылгандан кийинки алгачкы сааттарда болот. Статистика боюнча, 100 кишинин 85си соттун чечими чыкканча зомбулукка дуушар болот» — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18