USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Санкт-Петербургда жоголгон кыргызстандык баланын сөөгү табылды

13:48, 07 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербургда жоголгон кыргызстандык 11 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдайт.

Салман Мадумаровдун сөөгү «Купчино» метросунун станциясынан табылды. Анын өлүмүнө 23 жаштагы жездеси шектелүүдө. Жездеси баланы кайын журту аялы менен тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербегендиги

үчүн муунтуп өлтүрүп, эл жок жерге алып барып таштагандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарынын Витебск көчөсүндө жашаган Салман Мадумаров 26-январь күнү кечке жуук көчөгө футбол ойноп келүүгө чыккан бойдон кайра келген эмес. Укук коргоо органдарына арыз менен атасы кайрылган. Атасынын билдирүүсүндө, бала орусча сүйлөбөйт. Кечээ эле Салмандын апасы кармалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18