USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош базарындагы өрттүн чыгымдары 1-мартка чейин эсептелип чыгат

09:33, 06 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош базарындагы өрттүн чыгымдары 1-мартка чейин эсептелип чыгат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун жетектөөсүндөгү соода комплексиндеги өрт боюнча түзүлгөн

комиссиянын жыйынында айтылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы 1-мартка чейин ишкерлерден кагаздарды чогултуп, тийиштүү мамлекеттик органдардын бүтүмүнүн негизинде чыгым эсептелип, жабыркаган соодагерлердин тизмеси түзүлүшү керек.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү Ош базарында өрт чыгып, 118 соода жайы күйүп кетти.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18