USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда 8 миң киши кургак учук менен ооруйт

12:33, 01 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 8 миң киши кургак учук менен ооруйт. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 5 миң 570 бейтап бул илдетке чалдыкты.

«Түрмөлөрдө 139 бейтап бар. Акыркы он жылда кургак учук менен ооругандардын саны азайып бара жатат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көпчүлүк тармактарда өпкөсүн текшерүүдөн өткөргөндөр гана жумушка алынат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18