USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сапар Исаков Бишкек шаарынын мэри төрт күн кайта жоголгонун айтып берди

15:34, 31 января 2018, Бишкек - 24.kg

«Албек Ибраимов публиканы анчейин жактыра бербейт» — деп билдирди премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.

Отурумда депутат Аида Касымалиева Бишкек мэри Албек Ибраимов бир күн маалымат жыйын өткөрүп, жок болуп кеткенин, анын ордуна көп жерде Сапар Исаков жүргөнүн айтып, каала башчысынын кайда болгондугуна кызыкты.

«Бул киши анчейин публиканы жактырбайт. Бирок, бул күндөрү биз менен чогуу иштеп, жылытуучу жайларды уюштуруп, чайларды даярдап жүрдү» — дейт ал.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү Бишкек шаарынын мэри маалымат жыйында жарыкты үнөмдөөгө, кир жууп, үтүк иштетпөөгө чакырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18