USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Муфтият жарандардын суроолоруна жооп берүү үчүн телефондук байланыш уюштурат

13:31, 26 января 2018, Бишкек - 24.kg

Аалымдар кеңеши муфтий Максат ажы Токтомушевдин ишмердүүлүгүнө «жакшы» деген бааларын беришти. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын айтымынжа, Аалымдар кеңешинин кезектеги 4 жыйынында муфтийдин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын отчету угулду.

Муну менен катар жыйын алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан коомчулук арасындагы ар кандай суроолого жооп берүүчү түз телефондук байланышын түзүү, орус тилдүү имамдардын мечиттерде сабак өтүүсү, жаштарга туура багыт көрсөтүү максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өлкө аймагындагы диний окуу жайлар үчүн методологиялык китептерди чыгаруу маселелери боюнча сунуштар берилди.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18