USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Араван районунда 16 жаштагы небересин мажбурлап турмушка узаткан аял соттолду

11:23, 25 января 2018, Бишкек - 24.kg

Араван районунда 16 жашар небересинин каршылыгына карабай турмушка узаткан аял шарттуу түрдү кесилди. Бул тууралуу Ош облустук соту маалымдайт.

Чоң апасы небересин 2017-жылы турмушка узаткан, ал 2018-жылы балалуу болгон.

Сотто чоң апасы күнөөсүн мойнуна алып, небереси болочок күйөөсү менен сүйлөшүп жүргөнүн айтты.

Сот кыздын чоң апасын жана кайынэнесин дагы күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу түрдө соттоду. Алардан тышкары, кыздын никесин кыйган молдо дагы шартту түрдө кесилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18