USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Казакстанда өрттөнүп кеткен автобустун эшиги тосулуп калган

08:51, 19 января 2018, Бишкек - 24.kg

Актөбөдө өрттөнүп кеткен автобустун капталындагы эшик торолуп калган экен. Курман болгондордун көптүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Чукул кырдаалдар департаментинин өкүлү билдирди.

«Алдын ала маалыматка караганда электрозым күйө баштаган. Албетте, дүрбөлөң болгон. Элестетсеңер, эки этаж автобус болсо, эшиктери кууш, бирөө тороп калды, үстүнө башкасы жыгылды. Терезелерди талкалоо эч кимдин оюна келбептир», — деди департаменттин Актөбө облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлү Виталий Синев.

18-январда Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан.

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжолу менен эмгек мигранттары болчу.

Транспорттук унааны пайдалануу эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков трагедияга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18